• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда жаандын кесепетинен арыктардан суу ашып, жолду каптады - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жаандын кесепетинен арыктардан суу ашып, жолду каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында бүгүн, 19-августта таңкы саат 02:06да жааган жаандын кесепетинен Кур-Кура көчөсүндө арыктарга суу батпай ашып, турак үйлөрдүн короолорун каптап кетүү коркунучу жаралган.

Жерине куткаруучулар тартылып арыктарды тазалашкан.

Пикир

Оставить комментарий