• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда жарандардын көйгөйлөрүн аныктоо үчүн тийиштүү адистер үйлөрдү кыдырууда

Аймак 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жарандардын көйгөйлөрүн аныктоо үчүн тийиштүү адистер үйлөрдү кыдырууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-февралда шаардын Курманбек аймактык башкармалыгында мектептердин социалдык педагогдору, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана мэриянын кызматкерлери тарабынан пландалган үймө-үй кыдыруу иш-чарасы башталды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, үйлөрдү кыдыруунун негизги максаты - үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарды, мектепке тартылбай калган өспүрүмдөрдү аныктоо, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок же ата-энеси миграцияда жүргөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат чогултуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана кароосуз карыялардын жашоо-шартына анализ жүргүзүү болуп саналат.

Ошондой эле шаарга башка аймактардан келип, убактылуу жашап жаткан жарандарды аныктоо, шаардын тазалыгын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөт.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, үйлөрдү кыдыруу бир айга созулуп, шаардагы 5 аймактык башкармалыкта жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 25 миң 565 кожолук бар.

Пикир

Оставить комментарий