• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында жер астындагы өтмөк ачылды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жер астындагы өтмөк ачылып, пайдаланууга берилди. Буга чейин Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде унаа тыгындары, жөө адамдардын башаламан кыймылы көп болуп, коопсуздук жагынан көйгөйлөр жаралган.

Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, Жогорку кеңештин бир катар депутаттары, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шаар жетекчилери менен тургундары катышты.

Шаар мэри Мурутала Тагаев президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде шаарга келип, өтмөктүн долбоору менен таанышканын, аны курууга ак батасын бергенин, колдоо көрсөткөнүн айтып өттү. Ошондой эле курулуш убагында жол жабылган, элге ыңгайсыздык жаралганын, ага шаардыктар сабырдуулук менен мамиле кылганын белгиледи жана шаардыктарга ыраазылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий