• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында жол оңдоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жол оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Нагима Айтматова көчөсүндөгү жолдун бир бөлүгү асфальтталууда. Азыркы учурда жумуш иштери шаардык жол башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аткарылууда. Бүгүн мындагы аракеттерге калаа башчысы Мураталы Тагаев барып кабар алды.

Мында шаар мэри жол куруучуларга эң алгач сапатка көңүл буруу керектигин белгиледи. Аны менен бирге бул жылы автоунаа жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуулук жаратуу максатында белгиленген жумуш иштерин өз мөөнөтүндө аяктоо керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Жалал-Абад шаарында жолдорго асфальт төшөө жана жамап-жасоо иштери кызуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий