• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты кыргыз тили мугалими” сынагы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү калаадагы мектептер арасында “Жылдын мыкты кыргыз тили мугалими” сынагын өткөрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Сынакка Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Тунугай Курбанова, шаардык кеңештин депутаты Жанатхан Кебекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана мугалимдер катышты.

Сынак 4 турдан туруп, 3 күнгө созулат. Ага жалпы 14 мугалим катышып жатат. Жалал-Абад шаардык мэриясы сынак үчүн 30 миң сом акча каражатын бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий