• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында «Жылдын мыкты мугалими - 2022» кароо-сынагы жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. Кечээ, 22-апрелде Жалал-Абад шаарында 3 күнгө созулган “Жылдын мыкты мугалими - 2022” кароо-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Сынактын баш байгесине коюлган унааны жана Ысык-Көлгө 20 күндүк эс алууга жолдомону Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын химия мугалими, 29 жаштагы Максат Абилов жеңип алды. Ага автоунаанын ачкычын Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырып, жеңишке жеткен жана сынакка катышкан мугалимдерди сыйлыктары менен куттукташты.

Баш байгени жеңип алган Максат 6 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Бул убакыт аралыгында анын 11 окуучусу химия сабагынан предметтик олимпиаданын шаардык баскычында алдыңкы орунду камсыз кылса, алардын ичинен 2си облустук олимпиадада байгелүү орунду камсыздаган.

Максат Абилов эми “Жылдын мыкты мугалими-2022” сынагынын облустук баскычында Жалал-Абад шаарынын намысын коргойт.

Сынактын биринчи орунун С.Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейинин мугалими Турсунай Артыкова жеңсе, экинчи орунду Р.Азимов атындагы №13 мектептин химия мугалими Бактыгүл Шеримбетова, үчүнчү орунду №6 орто мектептин биология мугалими Жазгүл Жаныбекова жеңип, автоматтык кир жуучу машина, “Жалал-Абад” санаториясына жолдомого ээ болушту. Ал эми калган катышуучуларга да ноутбук, планшет сыяктуу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, “Жылдын мыкты мугалими-2022” кароо-сынагына жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий