• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” кароо-сынагы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн демилгеси жана шаардык мэриянын колдоосу менен «Жылдын мыкты тарбиячысы-2021» кароо сынагы өтүүдө.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка шаар боюнча 23 бала бакчадан 6 тарбиячы катышууда. Сынактын катышуучулары өздөрүнүн жылдык иш планын, иш кагаздарын толук көргөзүү, педагогикалык суроолорго жооп берүү, актёрдук чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Кароо-сынактын максаты шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иш-мерчемдерин жайылтуу, окуу-тарбия иштерин уюштуруу жана өстүрүү үчүн шарт түзүү болуп саналат.

Сынак үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Сынактын жеңүүчүсүнө шаардык билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошууну тарабынан 10 күнгө Ысык-Көлгө жолдомо, Ардак грамота жана балуу белектер менен сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий