• 82.38
  • 85.95
  • 1.28

Жалал-Абад шаарындагы №10 мектептин жылытуу системасы жаңыланды

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №10 Тойгонбай Кошматов атындагы мектептин жылытуу системасы толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Учурда аталган мектептин класстык бөлмөлөрү, спорт залы, ашканасы толугу менен отундун көмүр түрү менен жылытылууда.

Пикир

Оставить комментарий