• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы 10дон ашуун мектеп бир күнгө жабылат

Аймак 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы айрым мектептер бир күнгө жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде Жалал-Абад шаарындагы №3, 4, 5, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 16, 17, 19, 21 мектептер иштебейт.

"Анткени бул мектептер шайлоо участкасы катары пайдаланылгандыктан дүйшөмбү күнү дезинфекциялоо иштери жүрөт. Шейшемби күнү кайрадан аталган мектептерде билим берүү улантылат. Ал эми калган билим уялары үзгүлтүксүз түрдө иштей берет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий