• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы 110-маршруттук каттамдын схемасына өзгөртүү киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы 110-маршруттук каттамдын схемасына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Айгерим Абдыкаарова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аталган каттамдын кичи автобустары шаардын борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдө башаламан токтоп келген.

"Эми алар Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан "Стройпарк" гипермаркетинин алдына токтошот. Анын жанында Калкты тейлөө борбору жайгашып, документ ишин бүткөрүүгө жана курулуш каражаттарын алууга барчу адамдар үчүн ыңгайлуу шарт жаралды", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий