• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарындагы 3 миң үй-бүлөгө гумжардам таратылды

Аймак 0

Ош, 20.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында 18-майда азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардамдар таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын аймагындагы жардамга муктаж болгон 3 миң үй-бүлөгө жергиликтүү компаниялардын бири азык-түлүк тараткан.

Андан тышкары, азык-түлүк түрүндөгү жардамдар өкмөт, мэрия, жеке жана эл аралык уюмдар, демөөрчүлөр жана жергиликтүү активисттер тарабынан таратылып келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий