• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы №8 ҮДТнын имараты капиталдык оңдоодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңыртылган имарат менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңешинин депутаты Марс Апатаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таанышып кайтты. Калаа башчысы пандемия шартында дарыгерлердин бардык талаптарга жооп берген имарат, заманбап медициналык каражаттар менен камсыз болуусу алардын ишин жеңилдетип, калк саламаттыгына кам көрүүдөгү жумушун жеңилдетерин белгиледи.

Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана жабдыктарды алуу үчүн 1 млн 110 миң сомдон ашуун каражат сарпталган. Анын 30%ы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн болсо, калган 70%ы дем берүүчү гранттын эсебинен каржыланган. Андан сырткары, жергиликтүү тургундар тарабынан да курулуштун айрым бөлүктөрүн ишке ашыруу үчүн 300миң сом акча каражаты чогулган.

Белгилей кетсек, аталаган медициналык мекеме шаардын Жеңиш кичи районундагы 5 миңге чукул калкка медициналык кызмат көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий