• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарындагы базарлардын санитардык күнгө жабыла турчу графиги

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы шаарда жайгашкан базарлардын санитардык күнгө жабыла турчу графигин сунуштайт.

Маалыматка ылайык, шаардагы "Рахат" базары дүйшөмбү, "Курулуш-Маркети", "Айти" базарлары жума күнү, "Аль-Мадина", "Шабдалы-Зар", "Орозбай-Ата", "Манас", "Мадумар-Ата", "Жаштар", "Береке", Борбордук базар, "Ибраим-Ата" базарлары жекшемби күнү санитардык күнгө жабылат.

Жогорудагы график боюнча базарлар ар аптанын ушул күндөрү дезинфекцияланып турат.

Пикир

Оставить комментарий