• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы кафе-ресторандарга, чайканаларга, мончолорго рейд улантылды

Аймак 0

Бишкек, 01.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы кафе-ресторандарга, чайканаларга, мончолорго рейд улантылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге мэрдин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев баштаган тийиштүү тармактардын өкүлдөрү катышып, бир нече кафелерде туулган күн өңдүү майрамдык кече өтүп жатканына күбө болушту.

Комиссия аларга массалык чогулууну уюштурбоону эскертип, айрымдарынын электр энергиясын, суусун өчүрдү.

Эскерте кетсек, шаардык штаб узаган аптада бир нече чектөөлөрдү кайрадан киргизген. Анда тойкана, чайканалардын ишмердүүлүгүнө толугу менен тыюу салынган. Ал эми коомдук тамактануучу жайлардын кечки 20:00дөн кийин иштөөсүнө чектөө коюлган. Ага баш ийбегендерге айыппул гана салынып тим болбой, электр жарыгы, суусу өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий