• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы хирургия борборун капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбордун оңдоп-түзөө иштери август айынын башында башталган. Ал 100 орунга эсептелген.

Бүгүнкү күнгө карата объектиде эшик-терезелери, канализация тармагы, таза суу жана жылуулук берүү тармагы толугу менен жаныртылды, долбоордун негизинде кээ бир ички дубалдары тургузулду, ошондой эле ички жана сырткы жасалгалоо, полдор жаныртылды, электрмонтаждоо, сырдап-майлоо жумуштары аткарылды жана санитардык түйүндөр жаныртылып калыбына келтирилди.

Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 1,5 млн сом жана "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөш фондунун эсебинен 10 млн сом каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий