• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануучу жайларда, соода түйүндөрүндө рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, салык кызматынын, аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жана милиция менен биргеликте шаар боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, натыйжада бир нече ишкерлерге, коомдук тамактануучу жайлардын жана соода жайларынын ээлерине айыппул салынды.

Рейддин жүрүшүндө эң башкысы жарандардын ден соолугун сактоодо жана илдеттин жайылуусун алдын алууда белгиленген санитардык талаптардын сакталышы каралды.

Тийиштүү тармактын кызматкерлеринен түзүлгөн рейддин алкагында соода жайларындагы кетирилген кемчиликтер айтылып, аны жөнгө салуу боюнча эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы соода жайларында, коомдук тамактануучу жайларда калктын саламаттыгына кам көрүү максатындагы мындай рейддер алдыда уланат.

Пикир

Оставить комментарий