• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы үлгүлүү ашканада тамактанган окуучулар

Аймак 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №13 мектепке түштүк аймагындагы билим берүү мекемелеринин арасында алгачкылардан болуп заманбап “Үлгүлүү ашкана” ишке киргизилген. Анын негизинде өткөн окуу жылынын башталышынан тарта аталган мектептин кенже тайпаларынын окуучуларына ысык тамак берүү толугу менен жолго коюлду. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн мындагы түзүлгөн шарттар жана окуучуларга ысык тамак берүүнүн абалына Япониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда, Бириккен Улуттар уюмунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү, облус жетекчилери жана шаар мэри Мураталы Тагаев жеринде күбө болушту.

Мында керектүү шарттарды жаратууда жергиликтүү бийлик мектеп ашканасын толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрсө, ал эми Япон долбоору керектелүүчү заманбап ашкана жабдыктары менен камсыздаган. Ага демөөрчүлөрдөн 25 миң доллар, ал эми калаа казнасынан 1 миллион 362 миң сом акча каражаты сарпталган.

Буга чейин Бириккен Улуттар уюмунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларды ысык тамакка өткөрүү боюнча долбоор даярдалган. Анын негизинде Жалал-Абад шаарындагы 2,5 миңге жакын окуучусу бар №13 мектеп тандалып алынган. Азыркы учурда билим уясындагы 1 миң 170 окуучуга күн сайын ысык тамак берилүүдө.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 22 мектеп болсо, бүгүнкү күнгө чейин алардын 4ү окуучуларга ысык тамак берүүгө өткөн.

Пикир

Оставить комментарий