• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы мал союлуучу жайлар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мал союлуучу жайлар текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департементинин алдындагы санитардык-экологиялык инспекциясы, санэпидборбордун кызматкерлери менен биргеликте шаардагы мал союлуучу жайлардын ишмердүүлүгүн текшеришти.

Рейддин максаты - жашоочулардын тамак-аш коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

Текшерүү учурунда айрым мал союлуучу жайлардын санитардык абалы талапка жооп бербей турганы аныкталып, 14 күндүн ичинде кемчиликтерин жоюу жагы эскертилди. Белгиленген мөөнөттө комиссия тарабынан эскертилген кемчиликтер оңдолбосо айыппул салынат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 5 мал союлуучу жай бар.

Пикир

Оставить комментарий