• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы мечиттер 8-июндан тарта ачылат

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мечиттер 8-июндан тарта ачылат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

“Бирок, азыркы учурда оорунун жугузуу коркунучу дагы деле сакталып жаткандыгына байланыштуу, мечиттердин кире беришине сөзсүз түрдө атайын коргоочу каражаттардын орнотулуусу зарыл.

Келген жарандар да беткап менен бир жарым метр аралыкты сактагын шартта намаз окуулары тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген атайын сунуштамаларга ылайык, мечитке келген ар бир жаран мүмкүн болушунча жеке каражаттарын (жайнамаз, теспе сыяктуу) колдонууга тийиш”, - деп айтылат маалыматта.

Бул багытта калаадагы мечиттердин имамдардын катышуусунда шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев жыйын өткөрүп, аталган жайларда санитардык талаптардын так сакталышы боюнча эскертүүлөрдү берди. Мында шаардын санитардык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан да атайын үйрөтүүлөрдү алып барат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 30 мечит бар.

Пикир

Оставить комментарий