• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы мечиттер ачылуунун алдында дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-июндан тарта Жалал-Абад шаарындагы диний мекемелер, мечиттер жана намазканалар ачылды. Ага ылайык, бул жайларда ооруунун жайылуу коркунучун алдын алууда, санитардык чаралардын сакталышын текшерүүнүн жана көзөмөлдөөнүн алгоритми түзүлдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мечиттерге келген ар бир жаран беткап тагынуу, кире бериштен келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы керек. Аны менен бирге мүмкүн болушунча жеке каражаттарын (жайнамаз, теспе сыяктуу) колдонууга тийиш.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 30 мечит бар.

Пикир

Оставить комментарий