• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы мектептер 23-ноябрдан тарта ачылат

Аймак 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мектептер 23-ноябрдан тарта ачылат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык штаб 1-5-9-11-класстарга гана мектепке барып билим алууга уруксат берди. Калган класстардын окуучулары онлайн тартипте окуусун улантат.Бул чечим муниципалдык жана жеке менчик мектептерге да тиешелүү.

Ал эми №12, 18, 22 мектептер толук кандуу иштеп, 1-класстан 11-класска чейин окуучуларды кабыл алат. Анткени, бул үч мектепте балдардын саны аз.

Пикир

Оставить комментарий