• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жаңы окуу жылга карата даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 18.08.20./Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жаңы окуу жылга карата даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү адистерден куралган комиссия курамы мектептер 1-сентябрда балдарды кабыл алууга канчалык даяр экени, санитардык талаптардын сакталышы менен таанышып чыкты. Айрым билим берүүчү мекемелердеги кемчиликтер өз учурунда калыбына келтирилди.

Эскерте кетсек, жаңы окуу жылында биринчи класстар гана мектепте билим алышы мүмкүн. Ал эми калган класстар белгисиз убакытка чейин аралыктан окууну улантып турушат.

Пикир

Оставить комментарий