• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы Нефтяников көчөсү пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Нефтяников көчөсүнүн 220 метр аралыгына жаңыдан асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш ишин Жалал-Абад шаардык мэриясынын жол башкармалыгы жүргүздү.

Белгилей кетсек, аталган көчө чуңкурларга толуп шаар тургундары менен айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып келген.

Пикир

Оставить комментарий