• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы Островский көчөсүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Островский көчөсүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ аталган көчөгө шаар мэри Мураталы Тагаев барып, жашоочуларга жол оңдоо менен биргеликте кошумча түзүлгөн шарттар боюнча маалымат берди.

"Островский көчөсү 30 жылдан ашуун убакыттан бери чаң баскан таш көчө болуп турган. Тургундарга жана автоунаа кыймылына ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Эми жергиликтүү бийликтин аракети менен көчө жашоочуларынын түйшүгү жеңилдеди", - деп айтылат билдирүүдө.

Асфальттоо менен бирге көчөгө түнкү жарыктандыруу жана суу лотоктору орнотулду. Жолдун узундугу 345, туурасы 5,5 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Островский көчөсүндө 114 түтүндө 360ка жакын адам жашайт.

Пикир

Оставить комментарий