• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда парктардагы аттракциондордун техникалык коопсуздугу текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында парктардагы аттракциондордун техникалык коопсуздугу текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаарда жайгашкан "Токтогул" жана "Жеңиш" эс алуу парктарында жайгашкан аттракциондорду тийиштүү тармактардан турган топ текшерүүгө алды. Алардын айрымдарында бекемдөөчү курлары жок болсо, дагы бир тобунда адамды жабырката турган шиш темирлер бар болуп чыкты.

Аларга адистер тарабынан жогорудагы мүчүлүштүктөрдү жоюу жана өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, айланасынын тазалыгын, санитардык талаптарды сактоо, дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп туруу сыяктуу талаптар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий