• 79.5
  • 83.82
  • 1.46

Жалал-Абад шаарындагы той өткөрүп жаткан кафе-ресторандарга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы той өткөрүп жаткан кафе-ресторандарга айып салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн жана шаардык санитардык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин катышуусунда той-мааракелер өтүүчү кафе-ресторандарга түнкү рейд жүргүзүлдү.

"Анда айрым жайлар 50дөн көп адам чогултуп, той өткөрүп жатканы маалым болду. Ага ылайык эки эс алуу жайына айыппул салынып, мыйзам талаптарын жана санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертмелер берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан кийин да талаптарга баш ийбеген ишкерлер тийиштүү жоопкерчиликке тартылаары айтылды. Той өткөн эс алуу жайына 3 миң сом айып салынат. Андан тышкары, тойдо кызмат көрсөткөн ар бир кызматкерге (официант, ашпозчу сыяктуу) да 3 миң сомдон айыппул салынуусу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий