• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы тойканаларга күндүзгү рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 18.10.20 /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы тойканаларга күндүзгү рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге калаадагы тийиштүү тармактардын кызматкерлери катышып, 10го жакын кафе-ресторандар текшерилди. Жыйынтыгында эки жайда той өтүп жатканы аныкталып, буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай мыйзамга баш ийбегендиктен электр жарыгы өчүрүлдү.

Бул багыттагы рейддер дагы да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий