• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы унаа базары көчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Курманбек, Абдырахманов көчөлөрүндө орун алган унаа базары башка аймакка көчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн шаар мэри Эрнисбек Ормоков иштеп жаткан унаа базарын жана жаңы пландалып жаткан жерди көрүп чыкты.

Шаар бийлиги жол тыгынынын алдын алуу максатында унаа базарын Спутник кичи шаарчасына жылдырууну пландап жатат. Учурда бул багытта тийиштүү аракеттер жүрүп, калаа башчы тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий