• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы жаңы муниципалдык базарда соодагерлерге жеңилдиктер каралат

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Кечээ, 20-апрелде Жалал-Абад шаардык мэриясында жаңы муниципиалдык базардагы шарттар, турак жайды камсыздандыруу жана 3 айлык ишембиликтин алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча коомдук угуу болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга шаардын биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев, аймактык башкаруулардын башчылары, шаар тургундары катышты.

Жыйында жакынкы айларда пайдаланууга берилүү алдында турган муниципиалдык базардагы шарттар, андагы ижара акылары боюнча жарандарга маалымат берилди. Аталган базарда соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттар жаратылып, коомдук транспорттордун каттоосу камсыздалары айтылды. Ошондой эле сатуучуларга жеңилдик катары 3 айга чейин ижара акысы алынбай тургандыгы белгиленди.

Жыйында турак жайларды камсыздандырууга жарандарды активдүү катышууга чакырышты. Ал эми үч айлыктын алкагында жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан ишембиликтердин сапатына көңүл бурулуп, ар бир аймактык башкармалык менен биргеликте шаар тургундары активдүү катышуусу керектиги белгиленди.

Белгилей кетсек, жаңы муниципиалдык базардан соода жайларын алууну каалаган жарандар Жалал-Абад шаардык мэриясынын Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине арыз менен кайрылса болот.

Калаа тургундары менен болгон мындай жолугушуулар алдыда дагы да улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий