• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын 140 жылдыгына карата жаштар жолугушуулары өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.09.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаардын 140 жылдыгына карата аймактын активист жаштары медицина илимдеринин доктору, академик жана профессор Сабырбек Жумабеков, "Joomart Partners" юридикалык компаниясынын президенти Жоомарт Жолдошев, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондусунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, Кыргызстандагы ири "KG Group" курулуш компаниясынын директору Имамидин Ташов сыяктуу лидерлердин катышуусунда "Жалал-Абадга жаштардан белек" аттуу семинарларды өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаштар семинарлары шаардагы 4 окуу жайда өткөрүлдү. Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынында өткөрүлгөн семинарда медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков болочок дарыгерлер менен жолугушту. Болочок кесип ээлери келген конок менен кеңири баарлашып, көптөгөн суроолорго жоопторду алышты.

Андан соң ар кайсы окуу жайларында жаштар менен жолугушуп келген лидерлер Барпы драма театрында чогуу жаштар менен кайрадан жолугушуп, ага облус жана шаар жетекчилери да катышышты. Жетекчилер келген конокторго ыраазылыктарын билдиришип, белектерди тапшырышты.

Келген коноктор мындан ары да ушул сыяктуу жолугушууларды уюштуруп турууну сунушташып, жаштар менен ачык-айрым баарлашуунун жакшы жактарын баса белгилешти. Ошондой эле мындан ары Жалал-Абад шаарынын өнүгүүсү үчүн өз жардамдарын да аябоону убадалашты.

Пикир

Оставить комментарий