• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын 2020-жылга карата бюджети бекитилди

Аймак 0

Бишкек, 09.03.20. Бүгүн, 9-март күнү Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясы өтүп, анда 2020-жылга карата шаардын бюджети бекитилди.

Жыйынга шаар мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев, депутаттар жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышкан.

Депутаттар 2020-жылга карата шаар бюджетинин долбоорун карап, бюджет 491 млн 600 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Андан тышкары депутаттар 2021-жылга карата шаар бюджетинин планын ж.б. маселелерди карап чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий