• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын аймагын көрктөндүрүү үчүн үч айлык жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагын көрктөндүрүү үчүн үч айлык жарыяланды.

Шардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калаа башчысы Эрнисбек Ормоковдун буйругунун негизинде, Жалал-Абад шаарынын аймагын абаттоо, архитектуралык талаптарга ылайык келтирүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча атайын үч айлык жарыяланды.

"1-марттан 1-июнга чейин шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү багытында иштер аткарылат. Ошондуктан калаа тургундарын, менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканаларды ишембиликтерге активдүү катышууга чакырабыз", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий