• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Учурда Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-октябрда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө азыркы кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери, ИИМдин ардагерлери жана жеке менчик күзөт кызматынын башчылары катышышты.

"Жалал-Абад ШИИБдин башчысы Эрнист Молдокеев өз сөзүндө өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу шаарыбыздын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо башкы маселе экенин белгиледи. Жеке менчик күзөт кызматынын башчыларына соода-жайларынын товарларын бөтөн адамдарга алдыртпай, күзөттө турган күзөтчүлөр сак болуп, курал-жарак колдонууда этият болууга чакырды. Массалык талап-тоноочулуктардын алдын алууда, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө ардагерлерди милицияга көмөктөшүүгө үндөдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий