• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июнда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу, эртең мененки саат 10:00дөн 17:00гө чейин Пионерский, Ж.Бакиев, Озёрный, Токтогул 44, 44а, 46,48, Барпы Сейил, Шопоков 34, 36, 40, 42, 44, 46, СМУ кичи районундагы көчөлөрдө жана көп кабаттуу үйлөрдүн баарында электр энергиясы өчүрүлөт.

Жалал-Абад шаардык мэриясы жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий