• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде 2 күнгө газ өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде 2 күнгө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын "Жалалабатгаз" филиалынын маалыматына ылайык, эртең, 14-апрель күнү саат 09:00дөн баштап 15-апрель саат 17:00гө чейин Жалал-Абад шаарынын Мукуми, Икрамов, Куйбышев, Махмудов көчөлөрүндө, Пушкин көчөсүндөгү №148 көп кабаттуу үйдө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу газ берүү токтотулат.

Жалал-Абад шаардык мэриясы жарандарды жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий