• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүнө асфальт төшөлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүнө асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Жалал-абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары М. Акматов, шаардагы тийиштүү мекеме жетекчилери Транспорт министрлиги тарабынан Жалал-Абад шаарында асфальт төшөлүүчү көчөлөр менен таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, шаардын Пушкин, Загорный, Токтогул көчөлөрүнө республикалык бюджеттен асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий