• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июль күнү оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин Пахта, Островский, Железнодорожный, Транспортный, Кузнечный, Кызыл мехнат, Б.Сейил, Низами, М.Жалил, Алма-Бак, Нагорный, Бадалов, Тоголок-Молдо №69,71,73,75,77,76, Кыргыз Республикасы №139,141,143,143а, 145 көп кабаттуу үйлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Шаардык мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий