• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Азамат Раматиллаев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Азамат Раматиллаев дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Раматиллаев эмгек жолун Жалал-Абад шаардык экономика жана финансы башкармалыгында адис катары иштөөдөн баштаган. 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин, Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри катары буга чейин Руслан Алтымышев эмгектенип келген. Ал башка жумушка которулгандыгына байланыштуу кызматын тапшырды.

Эске салсак, Руслан Алтымышев апрель айында шаардын биринчи вице-мэри болуп дайындалган болчу.

Пикир

Оставить комментарий