• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Болотбек Узакбаев дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 08.09.20 /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Болотбек Узакбаев биринчи вице-мэр болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү буйрукка мэр Мураталы Тагаев кол койду.

Белгилей кетсек, Болотбек Узакбаев 29 жашта. Ал 2019-жылдын март айынан тарта коммуналдык тармакты жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий