• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын бюджети бекитилди

Аймак 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сессияга шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мэр Эрнисбек Ормоков, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессияда 2021-жылдын бюджети каралып, долбоор депутаттардын талкуусуна коюлду. Калаа казынасындагы акчаны натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу багытында эл өкүлдөрү бир катар суроолорду узатып, сунуштарын ортого салышты. Депутаттардын суроосуна мэр өзү жооп берип, бюджеттин долбоору менен тааныштырды.

Талкуудан соң депутаттар калаанын бул жылга карата бюджетин бир добуштан колдоп беришти. Натыйжада Жалал-Абад шаарынын быйылкы бюджети 528 млн сом деп бекитилди. Бул сумма өткөн жылдан 37 миллионго көп.

Пикир

Оставить комментарий