• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы эл көп болгон борбордук көчөлөрүн дезинфекциялоо иштери жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда 300 кл хлор кошулмасы менен даярдалган залалсыздандыруучу каражат калаадагы ири көчөлөргө чачылды.

Бул аракеттер калктын ден соолугун камсыздоо менен коронавирус илдетин жайылуу коркунучу алдын алуу болуп саналат. Жүргүзүлгөн иш аракеттерди шаар мэри Мураталы Тагаев өзү көзөмөлдөп жүрдү.

Дезинфекциялоону калаа мэрия шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы менен бирге ишке ашырууда. Бул багыттагы аракеттер ирети менен Жалал-Абад шаарындагы башка көчөлөрдө да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий