• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын Достук кичирайонуна газ тартылууда

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын “Жалалабатгаз” филиалы шаардын Достук кичирайонундагы 960 жер үйдүн, 500үнө газ түтүктөрүн тартып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үйлөр Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун демилгеси менен көгүлтүр отко акысыз туташтырлып жатат.

Тагырагы, 31-майдан 31-августка чейин Жалал-Абад шаарынын газга жаңыдан туташкан абоненттери туташууга кеткен бардык чыгымдардан бошотулат. Анын болжолдуу акысы ар бир абонент үчүн 3000-5000 сомду түзчү.

Учурда Достук кичирайонундагы Достук жана СССР көчөлөрүндө газ түтүктөрүн тартуу иштери кызуу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий