• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү күн сайын дезинфекцияланууда. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү күн сайын дезинфекцияланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан кабарлашты.

Жумуш иштерин калаа мэринин тапшырмасына ылайык, шаардын өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аткарылып, даярдалган суюктукту чачууда аталган бөлүмдүн атайын техникалары тартылууда.

Көрүлүп жаткан бул аракеттердин бардыгы шаар аймагында коронавирус оорусунун алдын алуу менен тургундардын ден соолугуна кам көрүү болуп саналат.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарындагы ири соода жайларынын айланасы жана коомдук жайлар дагы дезинфекцияланууда.

Пикир

Оставить комментарий