• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү оңдоп-түзөлүүдө

Аймак 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын бир катар маанилүү делген борбордук алты көчөсүндө толугу менен оңдоп-түзөтүү жана асфальт басуу иштери башталды. Буга республикалык бюджеттен 85 миллион сом бөлүнүп берилген. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын курулуш-транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Миргүл Эгемова билдирди.

Анын айтымында, шаардагы беш көчөдө оңдоп-түзөөтүү иштери1 айдын ичинде, ал эми жаңыдан курулуп жаткан Курулуш көчөсүндө иштер 2 ай мөөнөтү ичинде бүткөрүлөт.

"Учурда шаар боюнча алты көчөдө капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Алсак, Курулуш, Токтогул, Октябрь, Шерматов, Кыргыз Республикасы жана Барпы-сейил көчөлөрү толугу менен оңдолмокчу. Аларды оңдоп-түзөөгө мамлекет тарабынан “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 85 миллион акча каражаты бөлүнүп берилди. Буга чейин биз шаардагы алты көчөгө долбоор түзүп ташырган элек. Ал колдоого алынды. Жолдор оңдолуп, асфальт басылып гана калбай, жол четиндеги арыкчалары да кошо курулат. Сентябрь айынын трото ченинде көчөлөр оңдолуп, калк кызматына тапшырылат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы шаар кеңешине шайланган депутаттык фракциялардын айрымдары сессияга келүүдөн баш тартып, шаар бюджети али күнгө чейин бекитиле элек. Анын кесепетинен жүз миллион сомдон ашуун курулуш иштери токтоп калган.

Пикир

Оставить комментарий