• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад шаарынын коменданты ардагерлерди Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктап, белектерди тапшырды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдык мааракесине карата, согуштун катышуучуларына жана оруктун ардагерлерине таазим кылып, алардын коомдогу ордун белгилөө менен катар жаштардын мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу максатында, Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Кылычбек Жолдошовдор баш болгон Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын штабынын мүчөлөрү да бул иш-чарага активдүү катышып, Жалал-Абад шаарында жашап жаткан 5 ардагерден кабар алышты.

Жалал-Абад шаарынын комендатурасынан билдиришкендей, ардагерлерди куттуктоо үчүн барган жетекчилер атайын алар үчүн даярдалган белектерин, учурдун талабы болгон антисептикалык каражаттарды, акчалай сыйлыктарды жана коменданттын куттуктоо баракчасын тапшырышып, ардагерлерге ден соолук каалап, өмүр тилешип, дайыма арабызда үлгү болуп жүрө беришин белгилөө менен Улуу Жеңиштин 75 жылдык майрамы менен куттукташты.

Жаштарга үлгү көрсөтүп, карантинде үйдөн чыкпай отурган ардагерлерибиздин бири 95 жаштагы Гаффан Вильданович, куттуктоо үчүн барган формачан кызматкерлерди көрүп, ордунан тура калып, аскердик дем менен, жылуу маанайда тосуп алды. Ардагер менен маектешүү учурунда Гаффан аксакал көздөрүн жалынга толтуруп, андагы согуштук күндөрдү жана басып өткөн кандуу жолдорун эстеп айтып берди. Ошону менен катар жаштарга алгач өздөрүнө сак болууга жана ден соолугуна кам көрүүгө, айлана-чөйрөгө, жаратылышка аяр мамиле жасап, элин жерин, жашап жаткан мамлекетин сүйүүгө чакырып, акыл-насааттарын айтты.

Ал эми ардагерлер өз учурунда мамлекет тарабынан аларга көнүл бурулуп, өзгөчө абалдын катаал күндөрүнө карабастан алардан кабар алып, көңүлдөрүн көтөрүп, белектерди берип жаткандыгына абдан кубанышып, көздөрүнө жаш ала алакан жайып, элибизде тынчтык, асманыбыз ачык болуусун жана укук коргоочулардын иштерине ийгилик каалоо менен ак баталарын беришти.

Жалал-Абад областы боюнча бүгүнкү күндө – 31 ардагер бар болсо, алардын ичинен 5 ардагер Жалал-Абад шаарынын аймагында жашап келишет.

Майрамдык белектер Жалал-Абад областынын аймагындагы ШРИИБдер тарабынан да Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеткирилди. Ала-Бука РИИБнин начальниги, милициянын полковниги Райымбек Сулайманов баштаган топ Баймак айылынын тургуну 99 жаштагы Аскар Хайдаровдон кабар алышты. Аскар аксакал согуш мезгилиндеги кыйынчылык күндөрү азыр да көз алдына тартылып тураарын белгилеп, мындан ары андай апаат күндөр болбосун деп тиледи. Согуштун ардагери милиция кызматкерлери жанына келип майрамы менен куттуктап, белек-бечкектерин тапшырып, сый-урмат көрсөтүп жатышканына ыраазычылык билдирип, ак батасын берди. Ошондой эле буга чейин да милиция тарабынан колдоо көрсөтүлүп келгенин белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий