• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын коменданты: Өткөрмө кагаздарынын мөөнөтү узартылды

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Мурда алынган өткөрмө кагаздарынын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Жоробеков 15-апрелге чейин киргизилген өзгөчө абал тартибинин мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылганын айтып, коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлгөнүн – 21:00-06:00 сааттар арасы – билдирди. Мындан улам ал мурда алынган уруксат өткөрмө кагаздары боюнча суроолор жаралып жатканын айтып, алардын мөөнөтү узартылганын белгиледи.

"Уруксат кагаздарынын мөөнөтү 30-апрелге чейин автоматтык түрдө узартылды", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий