• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри болуп Нуртилек Орозбаев дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри болуп Нуртилек Орозбаев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү буйрукка мэр Мураталы Тагаев кол койду.

29 жаштагы Нуртилек Орозбаев жергиликтүү кеңештин депутаты болчу. Ал буга чейин шаардык кеңештин аппарат жетекчиси болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий