• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын курорт аймагында мыйзамсыз жылкы багып жаткандарга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-майда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары жана тийиштүү мекемелердин кызматкерлери шаардын курорт аймагында мыйзамсыз жылкы багып, эс алуу жайын уюштуруп алгандарга рейд өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө 10дон ашык жылкы кармалган эки эс алуу жайы аныкталып, санэпидкөзөмөл борбору тарабынан 3 миң сомдон айып салынды.

Ошондой эле 3 күндүн ичинде шаар аймагынан жылкыларын алып кетүүсү эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий