• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайы жабылат

Аймак 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Эртең, 23-октябрдан тарта Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн Чехов жана Н. Айтматова көчөлөрү менен кесилишкен аралыгындагы унаа токтотуучу жайы жабылат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

“Ал жайга унаа токтотпоону суранабыз”, - деп кайрылышты жарандарга шаардык мэриядан.

Аталган жайга кайрадан унаа токтотууга тыюу салган жол белги орнотулуп, ЖККККБ инспекторлору тарабынан эрежеге баш ийбеген айдоочуларга айып салынып, унаасы айып короого жеткирилет.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясы жана шаардык кеңештин депутаттары, аталган жайды шаардын борборуна жана базарга келген элдин талабы менен унаа токтотуучу жайга айландырган.

Бирок, унаалар бир катар эмес, бир нече катар болуп токтотулуп, жол тыгындарын пайда кылгандыктан шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен үнаа токтотуучу жай жоюлду.

Пикир

Оставить комментарий