• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын мэри алтын сертификат жана алтын тамга алган окуучулар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков алтын сертификат жана алтын тамга алган окуучулар менен жолукту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад шаарынан 37 бүтүрүүчү “Алтын тамга” ээси болду. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөдөн 2 окуучу алтын сертификат алып, ондон ашык бүтүрүүчү жогорку баллды багындырды.

Алтын сертификаттын бирине №1 Бабкин атындагы мектептин бүтүрүүчүсү 223 балл алган Бекжан Касымбеков ээ болсо, экинчи алтын сертификатты 220 балл менен №15 Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Актан Календаров алган.

Мектепти ийгиликтүү аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдү жана аларга билим, тарбия берген мугалимдер менен ата-энелерге калаа башчысы ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтери менен куттуктады. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөргө жана “Алтын тамга” артыкчылыгы менен аттестат алган 11 мектепке шаар мэри тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад шаары боюнча жалпы 638 окуучу 11-классты аяктады.

Пикир

Оставить комментарий